super.kg logo

21-мартта Чүй, Талас облусунун тоолуу райондорунда жамгыр, кар жаашы күтүлөт. 24-мартка чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

 

20-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-мартта күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

21-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

22-мартта түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Баткен, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 22-мартта күндүз Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 21-мартта күндүз жана 22-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

23-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

24-мартта түнкүсүн айрым райондордо жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 24-мартта күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым аймактарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Аба ырайы тууралуу маалымат Кыргызгидрометтен алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: