super.kg logo

Бишкекте бир топ курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз сактаган факты боюнча эки жаран кармалды

 

Бишкек шаарынын аймагынан бир топ курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз сактаган факты боюнча эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-март күнү Бишкек шаарындагы 7-апрель көчөсүнөн шаар тургуну кебетеси европалык болгон эки адамды жана өспүрүмдү көрүп, биринен ок атуучу куралды байкап калгандыгын ички иштер органдарына телефон аркылуу кабарлаган.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, 2006-жылы туулган Л.К. аттуу өспүрүмдү кармашкан. Кармалган өспүрүм милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен 1 даана бычак жана 4 даана 12 калибрдүү ок-дарыларды өткөрүп берген.

16-март күнү аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлө башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы фактыга шектүү катары Р.Д. жана агасы Я.М. аттуу жарандар кармалган. Алар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилишкен. Ошондой эле ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө такталган маалыматка ылайык маалым болгон эки дарекке кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, натыйжасында 1 даана 7,62 калибрдүү сайга автоматы, 3 даана РПГ-18 куралы, 3 даана граната, 1 даана винчестер, 5,45 калибрдүү 248 дана ок жана 1 даана 12 калибрдүү ок, 9 мм болгон 85 даана ок, 10 мм болгон 171 даана ок, 7,62 мм болгон 700 даана ок, 22 кылыч, 72 бычак, кара түстөгү 2 даана бет кап, автоматтын бир даана дүкөнчөсү табылган.

Андан сырткары аталган даректен 19 ширенкенин кутучасына салынган 360 грамм гашиш баңги заты менен 1 килограмм 910 грамм салмактагы марихуана алынган.

Учурда ИИМдин тергөө кызматы жогорудагы мыйзамсыз жүгүртүлгөн курал-жарактар менен ок-дарыларга тиешеси бар башка адамдардын аты-жөнүн аныктоо жана аларды кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дагы дайындалды. Кармалган жарандардын уюшкан кылмыштуу топторго катыштыгы бардыгы жана жогоруда аталган куралдардын кылмыш жасоодо колдонулгандыгы же колдонулбагандыгы териштирилүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.03.2020. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
РПГ эмес муха го одноразовый.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: