Жактоочу Замир Жоошев: "Коронавирустун алдын алуу максатында абакта жаткандардын айрымдарын эркиндикке чыгаруу керек"
Коронавирустун алдын алуу максатында СИЗОдо жаткандардын айрымдарын эркиндикке чыгаруу керек. Мындай пикирди жактоочу Замир Жоошев билдирген.
Жактоочунун SUPER.KG порталына берген маалыматы боюнча, учурда Кыргыз өлкөсүнүн абактарында жана тергөө изоляторлорунда 10 миңдей соттолгон жана кылмышка шектелип жаткан жарандар кармалып турат. Алардын арасында жеңил кылмыштар боюнча соттолгондор, 18ге жашы жете элек өспүрүмдөр, улгайып калгандар, ар кайсыл топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана оору менен күрөшүп келе жаткандар бар.
"Абактардын ичиндеги аба алмашуунун начардыгынан, күн нурунун аздыгынан жана тамактануунун деңгээли сырттагыдан кыйла айырмаланып турганына байланыштуу камалгандардын көпчүлүгүнүн иммунитети да алсыз. Ошондой эле түрмөдөгү жана СИЗОлордогу бир камерада 5-15ке чейин адам отурат. Коронавирус ал жака кире турган болсо, анда бул жагдайлар сөзсүз анын тез таралышында роль ойнойт.
Мындан сырткары абактарды дары-дармектер менен камсыз кылуу маселе өтө курч. Ал жактарда коронавирустан эмес жөнөкөй сасык тумоодон айыктырган дарылар жетишсиз. Медициналык кызматтын деңгээли көптөгөн себептерге байланыштуу бүгүнкү күндө өтө төмөн.
Мына ошондуктан түрмөлөргө коронавирус кире турган болсо, анда абактагы медиктер тиешелүү жардам көрсөтө албай калышы мүмкүн. Дары жагынан чоң таңкыстык орун алуусу ыктымал.
Кээ бирлери түрмөлөргө кантип вирус кириши мүмкүн деген суроо берип жатышат. Албетте, кириши мүмкүн. Биринчиден, СИЗОлорго жана абактарга күн сайын сырттан жаңы адамдар кошулуп турат. Экинчиден, ал жакка тергөөчүлөр, жактоочулар кирип турушат. Абактардын өзүнүн кызматкерлери да күнүгө сырттан киришет. Алар абактан сырткаркы жашоосунда вирустан сактанып жатабы же сактанган жокпу эч кимге белгисиз.
Айтылгандарга байланыштуу жана абактагылардын өмүрлөрүн тобокелге салбоо максатында Жогорку Кеңеш амнистия жөнүндө мыйзам кабыл алуу жолу менен кээ бир коомчулукка коркунуч жаратпаган жарандарды эркиндикке жиберүүсү зарыл деп эсептейм.
Мындан сырткары Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы да иши тергөөдө же сотто каралып жаткан, айыптоо өкүмү чыга элек шектүүлөрдүн кээ бирлери боюнча (мисалы, ооругандар боюнча) сотко кайрылып, аларга карата бөгөт чарасын үй камагына, күрөө алууга же болбосо башка жакка кетпөө жөнүндө тил кат алууга алмаштыруу маселесин карап чыгышы зарыл.
Кесепеттер менен күрөшкөндөн көрө көйгөйлөрдүн алдын алууну ойлонуу туура болот", - дейт жактоочу өз кайрылуусунда.




1 |