Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев үй камагына чыгарылды
Баткен облусунун Лейлек районунун Катраң айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал бүгүн, 19-мартта чыкты.
Сапарали Бөрүбаев 14-февраль күнү камакка алынган.
Белгилей кетсек, Сапарали Бөрүбаев "ээн баштык" беренеси боюнча шектүү катары кармалган. Кийин Жазык кодексинин "тоноо", "массалык баш аламандыкты уюштуруу" жана "бирөөнүн мүлкүн жок кылуу" беренелеринин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Бөрүбаев 2012-жылдын 19-22-ноябрь күндөрү Лейлектеги алтын кени бар "Апрельская" тилкесинде "Алаурум" компаниясындагы баш аламандыкка тиешеси бар деп шектелүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:00
2025-09-12
18:9
2025-09-12
17:57
2025-09-12

17:16
2025-09-12
15:17
2025-09-12
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.