Кытайда балкондон кулап түшкөн 23 жаштагы Кыргыз жаранына 4 саатка созулган операция жасалды
6-март күнү саат 09:20 чамасында Кытайдын Игу шаарындагы ооруканага ар кандай жаракат менен 1996-жылы туулган З.А. аттуу Кыргыз жараны келип түшкөн. Ал байкабастыктан ачык балкондон кулап түшкөнү маалым болгон. Бейтапка 19-мартта операция жасалганын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
"Кыргыз өлкөсүнүн Кытайдагы элчилигинин өкүлдөрү Пуцзян уездинин травматологиялык ооруканасынын дарыгерлери менен тыгыз байланышта болуп турушту. Аталган ооруканада Кыргыз жаранына 4 саатка созулган операция жасалып, ийгиликтүү өттү. Учурда бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө жана абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Элчилик бул окуяны өзгөчө көзөмөлгө алууну улантат", - дешти маалымат кызматынан.
12-мартта "Кытайда коронавируска кабылган Кыргыз жараны 2-кабаттын балконунан секирип кетти" деген билдирүү социалдык тармак аркылуу тараган. Кийинчерээк кырсык коронавируска байланыштуу эмес экендигин Тышкы иштер министрлиги кабарлаган.

