super.kg logo

"Манас" аэропортунун жанындагы коронавируска байланыштуу түзүлгөн карантин аймагынын шарттары жакшыртылды

 

"Манас" аба майданынын жанындагы мурда Ганси авиабазасы жайгашкан аймактагы карантиндик жайдын шарттары жакшыртылды.

19-март күнү өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров аэропорттун аймагында жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу боюнча түзүлгөн жайдын шарттарын текшерип чыкты. Аталган жайга министрлик тарабынан 803 орундук керебет, жууркан, телевизор, муздаткыч орноштурулгандыгы маалымдалды. Ошондой эле жарандарды кабыл алуучу жай күнүнө эки ирет дезинфекцияланып жатат.

Министр Замирбек Аскаров азыркы таптагы обсервациядагы чет өлкөдөн келген жарандар менен жолугушуп, алардын суроо, пикирлерин укту. Министр айтылган ой-пикирлерди эске алуу менен кемчиликтерди жоюу маселесин тиешелүү министрлик, ведомстволор менен комплекстүү чечиле тургандыгын билдирди.






"Манас" аэропортунун жанындагы коронавируска байланыштуу түзүлгөн карантиндик жай

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: