super.kg logo

Улуттук банктын төрагасы: "Кыргыз өлкөсүнө болгон акча которуулар январь айынан баштап 14 пайызга төмөндөдү"

 

Бүгүн, 20-мартта Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов сомго карата доллардын баасынын жогорулап кетишине байланыштуу өлкөнүн валюта рыногундагы абалына байланыштуу маалымат жыйын өткөрүүдө.

Улуттук банктын төрагасы акыркы эки жумадагы факторлор улуттук валютага болгон басымды күчөткөнүн белгилеп өттү.

"Баарыңыздарга маалым болгондой, акыркы күндөрү дүйнөлүк рынокто нефтиге болгон баанын төмөндөшү жана коронавирус бүткүл дүйнөнүн экономикасына таасир берип жатат. Анын ичинде биздин өлкө ЕАЭБдин мүчөсү болгондуктан, бул кырдаал бизди дагы айланып өткөн жок. Бүгүнкү күндө соода-экономикалык активдүүлүк жайлап калды, бул албетте, чек аралардын жабылышына байланыштуу. Кыргыз өлкөсүнө болгон акча которуулар январь айынан баштап 14 пайызга төмөндөдү", - дейт Абдыгулов.

Кечээ, 19-мартта банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда долларды сатып алуу баасы 85 сомго чыкты. 10 күн мурда эле анын баасы 69-70 сомдун тегерегинде эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: