ЭЛДИК ВИДЕО: Ыр, бий, музыка коштолгон Италиядагы карантин
Дүйнө жүзүндөгү көпчүлүк өлкөлөрдүн шаштысын алып турган коронавирус илдети тууралуу азыркы тапта ар бир адам кабардар болсо керек. Ооругандардын жана каза болгондордун саны боюнча Италия Кытайдан кийинки эле орунда турат.
Үйдөн чыкпай отурган италиялыктар бири-бирин колдоо жана окшош күндөргө аз да болсо боёк кошуу максатында балкондорго чыгып, чакан концерттерди тартуулашууда. Төмөндөгү видеодо коңшулар биргеликте музыкалык инструменттерде белгилүү музыкаларды ойноп жатканын, ал эми башкалар аны муюп угуп, кол чаап коштоп жатканын көрүүгө болот. Муну менен эле тим болбостон балкондо ырдап, ал тургай бийлеген италиялыктардын видеолору тараган.
Өзгөчө кырдаал жарыяланган Италияда шаар тургундары балконго чыгып концерт беришти
Италиялыктардын карантини
Жалгыздыкка моюн сунба. Италиялыктар окшош күндөргө боёк кошууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.