Кечээ коммерциялык банктар менен акча алмаштыруучу жайлар валюта сатпай калышты. Буга Улуттук банктын түшүндүрмөсү
Бүгүн, 20-мартта Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов улуттук валютага карата доллардын баасынын жогорулап кетишине байланыштуу өлкөнүн валюта рыногундагы абалына байланыштуу маалымат жыйын өткөрүүдө.
"Орусия менен биздин мамлекеттин убакыт айырмачылыгы 3 саат болгондуктан 19-мартта коммерциялык банктар жана акча алмаштыруу жайлары Орусиянын рыногу ачылгыча эч кандай операцияларды жүргүзбөй туруу стратегиясын тандашкан. Албетте, бул дүйнөлүк рыноктогу абалга байланыштуу. Кечээ эски курстар боюнча улуттук валютага карата болгон жогору талап байкалды. Ошого байланыштуу Улуттук банк талаптарга жана сунуштарды кароо менен 84 сом 90 тыйын интервенциясы менен чыкты. Бул жакта белгилей кетүүчү нерсе, социалдык тармактарда Улуттук банк ушундай жарлык кылган деген сөздөр жазылыптыр. Бул мүмкүн эмес, бул процесстердин бардыгы автоматтык түрдө жүрөт. Улуттук банк интервенция жүргүзүүдө тең салмактуулукту кармап жана валюта курсун турукташтырууга аракет кылат", - деди Абдыгулов.
Кечээ, 19-мартта банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда долларды сатып алуу баасы 85 сомго чыкты. 10 күн мурда эле анын баасы 69-70 сомдун тегерегинде эле.

