Улуттук Банк: "20-мартка карата доллардын курсу 84 сом 70 тыйынды түзөт"
Бүгүн, 20-мартта Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов сомго карата доллардын баасынын жогорулап кетишине жана өлкөнүн валюта рыногундагы абалына байланыштуу маалымат жыйын өткөрүүдө.
Улуттук Банктын төрагасы акыркы эки жумадагы факторлор улуттук валютага болгон басымды күчөткөнүн белгилеп өттү.
"Бүгүн байкалгандай, көптөгөн банктарда жана акча алмаштыруу жайларында доллардын курсу бир аз төмөндөдү. Мындай кырдаал бир нече күн болот. Акырында тең салмактуулук орун алат деп ойлойм. "Эмнеге азыр сатуу жана сатып алууда чоң айырмачылык бар?" деген суроо жаралат. Бул нерсе рыноктогу белгисиздик, туруксуздук менен байланыштуу. Бирок азыркы учурда банк системинде дефицит жок. Бир нече күндөн кийин бул абал турукташат деп ойлойм. Биз жыл башынан бери 22 миллион долларга жакын интервенция жасадык", - деди Абдыгулов.
Кечээ, 19-мартта банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда долларды сатып алуу баасы 85 сомго чыкты.
Буга чейин 10-мартта Бишкекте 1 доллар 69-70тен 73 сомго чейин болуп, 3 сомго кымбаттап кеткен. Доллардын сомго карата курсунун эң жогорку чеги 2015-жылдын 25-ноябрында 78-80 сомго чейин жеткен



1 |