super.kg logo

Жалал-Абад мэриясы: "Шаарда азык-түлүк сатуучу жайлар иштеп жатат. Кийим, турмуш-тиричилик буюмдарын саткан соода жайлар убактылуу ишин токтотту"

 

Жалал-Абад шаарында өкмөттүн токтомуна ылайык, 50 орундан ашкан кафе-ресторандар жабылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы маалымат борборунун башчысы Азамат Жээнбеков билдирди.

"Жалал-Абад шаардык мэриясынын кызматкерлери тарабынан атайын штаб түзүлүп, күнү-түнү иш алып баруудабыз. Буга чейин дагы түндө чыгып компьютердик клубдарга, 50 адамдан көп болуп чогулган коомдук тамактануучу жайларга барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз.

Азыркы учурда тамактануучу жайлар жабык. Ал эми базар жабылсын деп бизге жогору жактан буйрук келген эмес. Бирок жашоочулар өздөрү түшүнүү менен кабыл алып, соода жайларын ачпай турушат. Азык-түлүк саткан жайлар бардыгы иштеп жатышат. Шаарыбыздагы "Шабдалызар" аттуу кийим-кече саткан базарга барып дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз", -
деп билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: