super.kg logo

Коронавирустун жайылбоосу боюнча атайын эсепке салым кошкон Алманбет Шыкмаматов: "Сөздөн ишке өтөлү, жардам берүү боюнча флешмоб сунуштайм"

 

Саясатчы, мурдагы депутат Алманбет Шыкмаматов Кыргыз өлкөсүндө коронавирустун жайылышын алдын алуу иш-чаралары үчүн ачылган атайын эсепке он миң сом которду. Бул тууралуу билип, оюн угуу үчүн саясатчыга байланышканыбызда "жардам кылдым деп көкүрөк каккым келбейт" деген пикирин айтты.

"Мен акча которуп, жардам кылып жатам деп төш каккым келген жок. Бирок биз азыр умрадан келгендерди, оору жуктуруп алгандарды сынап бир пайда таппайбыз. Тескерисинче, оору менен күрөшүүгө чогуу, бир максаттуу жардам берели, сөздөн ишке өтүп, коронавирустун жайылбашына кол кабыш кылалы. Жардам берүү колунан келгендерге флешмоб кылалы деп сунуш кылам. Дарыгерлерге жана дары-дармекке каражат керек. Албетте, бул чоң эрдик эмес, бирок тамчыдан дайра куралат", - деди ал.

Кечээ, 19-мартта Финансы министрлиги: "Эсепке чет элдик валютадагы ыктыярдуу жана гранттык каражаттар дагы түшөрү жана бардык чогулган каражаттар Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн иш-чараларга жумшалат", - деп билдирген.
Эсептин номери: 4402011000101373.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.03.2020. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ойлопмун миллион берет окшойт деп
20.03.2020. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Банктар без комиссия эле которуп койбойбу, 150 сом ала койбой
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: