super.kg logo

ИИМ: "Ыкчам кырдаал толугу менен көзөмөлдө, эч кандай тартип бузууларга жол берилбейт"

 

Учурда ыкчам кырдаал толугу менен көзөмөлдө, эч кандай тартип бузууларга жол берилбейт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов "оор күндөр келе жатат, дүкөндөрдү тонойт, кылмыштуулук өсөт" деп жогорку трибунадан айтканы эч кандай чындыкка жатпайт. Биз бардыгыбыз коомдук тартиптин сакталашына жооптуу экендигибизди унутпайлы. Ички иштер министрлиги коомдук тартипти сактоо жана коронавирус илдетинин тарап кетпешин алдын алуу максатында комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

Мындан тышкары ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүү багытында ыкчам ишмердүүлүгүн мыйзам чегинде жүргүзүп келет. Өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарда блокпосттор коюлуп, өзгөчө маанилүү объекттер толугу менен коргоого алынды.

Андан сырткары убактылуу кармоочу жайдагы кармалгандар боюнча, кылмышка шектүүлөр жана жашы жете электер арасындагы укук бузуучулук жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иш-чараларды көрүүдө. Ички иштер органдарынын кызматкерлери аэропорттордо, темир жол бекеттеринде жана өткөрүү пункттарында фильтрациялоо иш-чараларына катышып жатышат. Коомдук тартипти сактоого тартылган кызматкерлер медициналык бет каптар, кол каптар, дезинфекциялоочу жабдыктар менен камсыздандырылган. Аймактык бөлүмдөрдө каражаттар менен керектелүүчү күчтөр эсептелип, фильтрациялык блокпосттор жана участкалар, обьектилер аныкталып такталган.Эл арасында түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ыкчам кызматкерлер тарабынан жалган жана чагымчыл ушактарды, такталбаган маалыматтарды тараткан жарандарды жоопкерчиликке тартуу иштери уланууда", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

Ошондой эле ИИМ жалган провакациялык, такталбаган маалыматтарды таратуудан жана сүйлөөдөн карманууга чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: