super.kg logo

Сауд Арабиясынан келген Кыргыз жарандарынан коронавирус аныкталды. Аталган өлкөдө канча адам вирус менен жабыркап жатат?

 

Бүгүн, 20-мартка карата Кыргыз өлкөсүндө жалпысынан 6 жаран коронавирус менен жабыркап жатат. 18-март күнү умра сапарынан келген Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун 3 тургунунан коронавирус аныкталганы маалым болгон. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан учуп келишкен.

Ал эми калган 3 жаран Ноокат районунун тургундары экени белгилүү болду. Саламаттыкты сактоо министрлиги 67, 71 жана 77 жаштагы аялдар 12-мартта Жидда-Ош аба каттамы менен кичи ажылык зыяратынан келгенин кабарлады. Мындан улам Сауд Арабиясында коронавирус менен жабыркагандардын статистикасын карап чыктык.

Бүгүн, 20-мартка карата Сауд Арабияда 274 адам коронавирус менен жабыркап, алардын 8и айыкты. Каза болгон учур каттала элек. Аталган өлкөдө коронавирус менен жабыркаган алгачкы учур 2-мартта катталган.

Өлкө бийлиги февраль айынын соңунда умрага (кичи ажылык) аттанган зыяратчыларды киргизүүнү убактылуу токтоткон. Мындай чаралар вирустан сактануу үчүн жасалып жатканы айтылган. Зыяратчылардан тышкары коронавирус аныкталган мамлекеттерден туристтердин келүүсүнө тыюу салынган.

Аталган өлкөнүн калкынын саны 34 миллион 218 миң 169 адамды (2019-жылдагы көрсөткүч) түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: