Премьер-министр коомдук тамактануу түйүндөрүнүн ишин токтотууга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коомдук тамактануу түйүндөрүнүн ишин токтотууга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Тилекке каршы, өлкөнүн ар башка булуң-бурчунда коомдук тамактануу жайлары ишин улантып жатканы тууралуу маалыматтар түшүп жатат. Адамдар бийликтин сунуштарын капарга албай жатышат. Коркунучтун канчалык деңгээлде экендигин сезбей жаткандар бар. Кайрадан жарандарыбызды эл көп жыйналган жерлерге барбай, жакындарга жана туугандарга, айрыкча карыларга кам көрүүгө чакырам. Биз баарыбыз бириккенде гана коронавируска байланыштуу кырдаалды жеңип чыга турган жагдайда экенибизди түшүнүүгө тийишпиз", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
Aruujanshaxi

20.03.2020. 17:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чайканаларды, билярд ойнотулган жерлерди жапкыла биринчи.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.