super.kg logo

Таш-Көмүрдө милиция кызматкерлери коронавируска байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

 

Милиция кызматкерлери тарабынан коронавируска байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр ШИИБинин кызматкерлери шаар аймагында азык-түлүктүн баасын негизсиз көтөрүүлөрдүн алдын алуу максатында сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Милицияга бул багыттагы жумуштарга элдик кошуундун өкүлдөрү көмөктөшүүдө.

"Алар шаар аймагындагы жана базар ичиндеги дүкөндөргө барышып, азык-түлүктүн баасын негизсиз көтөрбөөгө жана такталбаган жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырышууда. Ошондой эле мектеп мугалимдери тарабынан көтөрүлгөн демилгенин арты менен окуучуларга карата күнү-түнү атайын рейддер жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери азыркы учурда билим берүү жайлары жабылгандыгына байланыштуу өспүрүмдөр өз үйлөрүндө ата-энесинин көзөмөлүндө болуу керектигин эскертишүүдө. Мына ушундай эле окуучуларга байланыштуу рейд Ноокен РИИБинин кызматкерлери тарабынан да өткөрүлүүдө. Жергиликтүү айыл өкмөттөрдүн, социалдык коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү, мугалимдердин катышуусундагы иштер район борборундагы базарларда жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери коронавируска байланыштуу жергиликтүү тургундарды жана өспүрүмдөрдү көчөгө чыкпай, өздүк гигиенаны сактоого чакырышууда", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: