super.kg logo

35 калктуу пунктта О! түйүнүнүн 4G LTE сыйымдуулугу менен камтуусу көбөйтүлдү

 

О! Мобилдик оператору 4G LTE түйүнүнүн камтуусу менен сыйымдуулугун кеңейтүү боюнча пландуу жумуштары тууралуу маалымдайт.

Чүй облусунун калктуу пункттарында байланыш сапаты жакшыртылды: Бишкек, Токмок, Кемин шаарларында, ошондой эле Алмалуу, Дружба, Виноградное, Александровка, Беловодское, Көк-Жар, Арашан айылдарында. Ысык-Көл облусунун популярдуу туристтик жерлеринин аймагында сигналды сапаттуу кабыл алуу камсыздалды: Каракол, Балыкчы шаарларында, Совет, Зындан, Ак-Чий, Бостери, Богатыровка, Темировка, Теплоключенка, Боз Учук, Жети-Өгүз, Кызыл-Суу, Кичи-Жаргылчак, Оттук, Түп айылдарында. Модернизация жумуштары Талас облусунун Покровка айылын, Нарын облусунун Ат-Башы жана Кара-Суу айылдарын камтыды. Ош облусунун Ош шаарында, ошондой эле Тегерек-Саз, Конокбай-Талаа, Кара-Булак, Кызыл-Булак айылдарында, Баткен облусунун Кыштут, Паксы-Арык айылдарында жумуштар аткарылды.

Аткарылган жумуштар сигналды берүүнүн сапатын жана маалыматтарды берүүнүн ылдамдыгын жакшыртууга шарт түздү.

"Сиздер убактылуу үйдө калууга мажбур болуп жаткан учурда, биз бул убакытты максималдуу жайлуу жана кызыктуу өткөрүү үчүн аракетибизди жумшоодобуз. Мындай оңой эмес кырдаалда мессенжерлерге, социалдык тармактарга, жаңылыктарга, фильмдерге жана музыкага кирүү мүмкүнчүлүгү жана ар дайым байланышта болууңуз үчүн биз сиздерди ылдам интернет менен камсыз кылууга аракет жасап жатабыз", – деп белгилейт О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

О! түйүнүнүн 4G LTE тармагынын туруктуу камтуу аймагында Кыргызстандын тургундарынын 97%ы жашайт. О! Мобилдик операторунун LTE тармагы ири облустук борборлорду гана эмес, мобилдик байланыштын болушу социалдык мааниге ээ болгон алыс жайгашкан айылдарды да камтыйт. О! Мобилдик операторунун техникалык адистери өз жетишкендиктери менен эле чектелип калбайт, алар түйүндү өркүндөтүү боюнча тынымсыз жумуштарды аткарып келишет.

О! түйүнүнүн камтуу картасы жана О! түйүнүнүн өнүгүүсү тууралуу үзгүлтүксүз жаңылыктар www.o.kg сайтында жайгаштырылган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
20.03.2020. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ак Ордо 3 конушунда 4ж базалык станция жок интернет начар койбой койушту какшатып анан эле мактанышат кыйратып салдык деп
20.03.2020. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuban-1207, саламатсызбы!
Сизден текшерүү үчүн номериңизди жана так даректи answer@nurtelecom.kg билдирүүнү өтүнөбүз. Деталдуу диагностика жүргүзүп, Сизге кайра байланышууга чыгууга даярбыз.

Терең урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
20.03.2020. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жалалабата связ жакшыбы же кандай жетиштуубу
20.03.2020. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жетиөгүз районунун Чырак айылынын үстүңкү тарабын интернет тармагын оңдоп берсеңиздер жакшы болот эле. О менен интернетке кирчү элек айласыздан азыр элдин баары Мегакомго өтүп жатабыз. Сураныч карап берип койгулачы.
20.03.2020. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калыс Ордо конушунда да дагы жакшы тартпайт интернет H+ болуп 3 G кармап калат
21.03.2020. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак Ордо 3 жаңы конушунда интернет начар антенна чыкпайт базалык станция жок
21.03.2020. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээк ошка эл оорудан аман эсен чыгып кетсек экен деп отурушат, а силер рекламаңар бүтпөйт телефондун бетин толтуруп, кайсы жерде болбосун жүрөсүңөр кыпчылып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: