Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрү дезинфекцияланды








Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрү дезинфекцияланды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, хлор кошулмасы менен даярдалган залалсыздандыруучу каражат калаадагы ири көчөлөргө чачылды.
Негизги көчөлөргө жалпы 300 килограмм хлор сарпталды. Коронавирус илдетинин жайылышынын алдын алуу максатында жүргүзүлгөн иш аракетти шаар мэри Мураталы Тагаев өзү көзөмөлдөп жүрдү. Дезинфекциялоону мэрия шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы менен бирге ишке ашырууда. Дезинфекциялоо иштери мындан ары да улантылат.
Көчөлөрдү кезеги менен залалсыздандыруу жүрөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
4

Комментарийлер(1)
cholpon119966

20.03.2020. 18:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалал-Абадым го Жалал-Абадым
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.