super.kg logo

Эмне үчүн Кыргыз мамлекетинде коронавирус катталды? Арстан Алай: "Кичине убакыт өтсүнчү, көрөлү"

 

Коомдук ишмер Арстан Алай Кытайга вирус жөнөткөнүн айткан. Ошол эле учурда бул вирус Кыргыз мамлекетине келбей турганын билдирген. Бүгүн Кыргыз өлкөсүндө коронавирустун жаңы үч учуру катталганы жарыяланды. Коронавирус жуктуруп алгандар Ноокат районунда аныкталды. Алар Сауд Арабиясына умрага барып келген. Буга чейин Сузак районунда үч адамдан коронавирус аныкталган.

SUPER.KG порталы Арстан Алайга "Эмне үчүн Кыргыз мамлекетинде коронавирус катталды?" деген суроо менен кайрылды.

Арстан Алай Кытай Кыргыз мамлекетинин карызын кечпесе вирус жөнөтө турганын буга чейин айтып келгенин билдирди.

"Мисалы, илгери Жаачы деген адам болгон. Ал жамгыр жаадырган. Алар элинин башына күн түшкөндө жамгыр жаадырып, куюн, бороон жөнөткөн.

Америка өз оюн таңуулап, долларына, Орусия курал-жарагына, Кытай акчасына таянып калган кезде былтыр Солтон-Сарыда кытай ишкерлери улуу эл менен чырдашканда кытай элчилиги кыргыздан карызын доолап жатат деген жаңылыктар чыккан. Ошондо Кытай карызын жойбосо, кыргыздын улуулугун тааныбаса, мен вирус, куюн, булут жөнөтөм деп айткам. Бул вирус кыргызга келбейт деп касиетим менен чек араны чектеп койгом. Кыргызга келди делинип жатат. Биринчи байлык, курсакты багуу үчүн жылан, жарганат саткан адамдар өлүп кетет дейт. Экинчи, техникага байланып алгандар. Мисалы, техникада отура берсе аң-сезими өспөй калат. Үчүнчүсү диндегилер. Сыйынуу ошол убактагы эволюция болгон экен. Андан бери 15 кылым өтсө, ал сыйынуу жолу бүтүп, азыр касиетти иштетүү мезгил келди. Диндегилер кысылууда жүрөт. Алар муну кылсам туура эмес деп убакты дагы чектеп алышып, учур чак менен жашашпайт. Ошол үчөөнүн анатомиясы иштебей ичинен уулуу зат бөлүп чыгып шишик оорулары пайда болот. Коронавирус аныкталса дүйнөдөн акча жардам берилет имиш. Бул саясатпы азыркы күндө дагы түшүнө албай жатам. Мен касиеттүү адам катары Кыргыз жергесин вирустан чектеп койгом. Кыргыз жеринде жер титиреген жок, дүйнөдөгүдөй борошон болгон жок. Эмне дегенде кыргыз жери энергия алуучу жер. Кыргыз элинин арасынан көп адамдар чыгып аалам менен байланышып жатат. Бизде коронавирус катталбаш керек эле. Кичине убакыт өтсүнчү, көрөлү. Шашып кеткенде болбойт", - деди ал.

Ошону менен катар эле Арстан Алай бул оорудан сакайып кетсе болорун айтты.

"Бул ооруну айыктырса болот. Буга медицина жардам бербейт. Бул оору менен кысылып жаткан адам ооруйт экен. Биз телеберүүлөрдө сүйлөп жатканда деле адам айыгып кетет. Мен жөн эле телефондон же телевизордон денесин бошотуп энергия өткөрүп койсом, айыгып кетет.

Вирус токтойт. Адамдар өлүп деле калбайт деп ойлоп жатам. Анча-мынча эле симптомдору эле болуп жатса керек. Духу күчтүү адам эч качан оорубайт. Кыргыздын духу бийик. Бул саясат же жеңил варианттар болушу мүмкүн. Болбосо коронавирус жуктуруп алгандын аялына жукпай жатат. Убакыт өтсүн көрөлү.

Вирус жайылып кете турган болсо жайылып кетмек да. Бул 3-4 күндө билинип калат. Чочко оорусу менен ат оорубайт да. Бул бизге жукчу оору эмес", - дейт Арстан Алай.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(38)
20.03.2020. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Ушуга ишенгендер. Ушуну кудай деген аман эле болсун
assanov97 түзөттү 2020-03-20 18:02:59
20.03.2020. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-42
assanov97,
Молдолорду деле фанат туткандар аман болсун.
20.03.2020. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
erlan2196,а сиз кайдан келдиниз?кайда барасыз? эмнеге келдиниз? Ушинтип эле жеп ичип чычып олуп кетесизби?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: