super.kg logo

УКМКда ИИМдин кызматкери асынып өлдү

 

Баңгизат менен кармалган ИИМдин кызматкери УКМКнын СИЗОсунда асынып өлдү. Комитеттин маалыматына ылайык, 23-август күнү эртең менен текшерүү учурунда СИЗОнун көзөмөлдөөчүсү ИИМдин кызматкери С.Айдарбековдун жансыз денесин тапкан. Ал өзүнүн жанын өзү кыйып жаткан учурда уктап жаткан дагы бир ИИМ кызматкери аны менен бир камерада болгон. Милиция кызматкери УКМКнын кызматкерлери тарабынан ушул жылдын апрель айында 16 килограмм героинди сатуу учурунда колго түшкөн. 27-апрель күнү Свердлов райондук сотунун токтому менен ага карата УКМКнын СИЗОсунда камоо түрүндө чектөө чарасы кабыл алынган. Айдарбеков убактылуу камоочу жайда камалып жаткан маалда анын психикалык жактан жабыркагандыгы, эмоционалдык жактан туруксуз болуп, бир нерсеге бат ачуулана бергени байкалган. Буга байланыштуу убактылуу камоочу жайдын жетекчилиги Айдарбеков менен алдын алуучу баарлашуу жүргүзүшкөн. 31-июлда ал Республикалык психикалык ден соолук борборунан текшерүүдөн өтүп, ага “инсандык органикалык жактан бузулган” деген диагноз коюлуптур. Учурда катталган факт боюнча Башкы прокуратура, ИИМ тарабынан кызматтык иликтөө дайындалып, зарыл болгон процедуралык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
27.08.2013. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздору эле асып койду
27.08.2013. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип жанында уктап жаткан адам билбесин тообоо?!Оздору эле асып коюшкан окшойт,куйругу ачылып калбасын деп коркушуп...
27.08.2013. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кандай эле ГКНБ нын СИЗо суна киргендер асынып оло беришет, асып олтуруп койдук дешсе туура болмок.
27.08.2013. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Репрессия!
27.08.2013. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асып олтуруп коюштуда байкушту.Чон шайкалардын былыгы билинбеш учун.
27.08.2013. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
УКМКнын кызматкерлерине соз жок, кудайдан коркпогон акмактар,байлык учун эмнелер кылып жатышат?!жооп берер кун алдыда.
27.08.2013. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыныр иш кырк жыл да билинет! Ким куноолуу болсо баары бир жазасын алат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: