"Эми чет жактан өлкөгө кайтып келгендерде оорунун симптомдору байкалса гана алар стационарга жаткырылат" дейт министрдин орун басары
Бүгүн, 21-мартта Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков коронавирус оорусу тууралуу маалымат жыйын берүүдө.
Ал иш аракеттер алгоритмин алмашканын айтты. "Эми чет жактан өлкөгө кайтып келгендерде оорунун симптомдору (жөтөл, дене табы ысык) байкалса гана алар стационарга жаткырылат. Эгерде оорунун эч кандай белгилери жок болсо, жаран үй шартында обсервацияга киргизилет. Бирок карантиндин талаптарын бузгандарга карата катуу чаралар көрүлөт. Айта кетсек, чет өлкөлөрдөн келген жарандардын ар биринен лабораториялык анализдер алынат", - дейт Төлө Исаков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Aikaaaa

21.03.2020. 10:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жуккандан кийин 20 канча күндөн кийин билинет деп жатышпайбы, анан кандай болот? Бул ооруп аткандар деле 12-мартта келишип канча күндөн кийин билинип жатат, канчалаган кишиге контакт болгондон кийин, даана кыргыз элин кырышат го
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.