Саламаттыкты сактоо министринин орун басары кырдаал калыбына келгенден кийин дарыгерлердин эмгеги баалана турганын айтты
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков кырдаал калыбына келгенден кийин дарыгерлердин эмгеги баалана турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-мартта маалымат жыйында билдирди.
"Мен биздин медицина кызматкерлерине абдан ыраазымын. Алар күнү-түнү уктабай, бул оору менен күрөшүп жатышат. Баары турукташкандан кийин биздин медицина кызматкерлерибиз министрлик жана өкмөт тарабынан албетте сыйланат", - деп билдирди.
Бүгүн, 21-мартта өлкөдө коронавирус оорусун жуктурган дагы 6 жаран аныкталды. Кыргыз өлкөсүндө бул ооруну жуктургандардын саны жалпы 12 адамга жетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.