Жарандык авиация агенттигинин директору: "Москвадан жарандарыбыз кечээтен баштап авиакаттам аркылуу келип башташты"
Бүгүн, 21-март күнү Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышевдин катышуусунда жыйын өтүүдө. Анда авиакаттамдардын чектөөсү тууралуу маалымат берилди.
"Москвадан келе албай жаткан жарандардын маселеси да чечилди. Кечээ Москвадан 4 каттам учуп келди. Жарандардын жалпы саны 800гө жакын болду.
Бүгүн дагы 3 каттам Новосибирск, Екатеринбург, Москва шаарынан жүргүзүлөт. Мындан аркы каттамдар үчүн 210 кишилик "Аэрофлоттон" каттам уюштуруп берүүнү суранып жатабыз. Калып калган жарандар болсо, билет алып, келүүгө мүмкүнчүлүк болот", - деди Акышев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:00
2025-09-12
18:9
2025-09-12
17:57
2025-09-12

17:16
2025-09-12
15:17
2025-09-12
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.