super.kg logo

Жогорку Кеңештин төрагасы кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кылымдардан бери келе жаткан бул майрам биздин элибиздин тарыхый, маданий жана руханий мурасынын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Нооруз - табият жаңыланып, жан дүйнө жаңырып, жаңы жашоонун келгенинен кабар берген касиеттүү күн. Муундан-муунга аздектелип берилген бул салттуу майрамда, ар бир үйдө ак дасторкон жайылып, сүмөлөк, чоң көжө баштаган улуттук тамак-аштар даярдалып меймандарга тартууланат.

Бүгүн биз татаал мезгилде жашап жатабыз. Ынтымакта, бирге туралы. Жардамга муктаждарга көмөк көрсөтүп, камкордукка алуу менен бардык тоскоолдукту жеңип чыгарыбызга терең ишенем. Өзүңүздөр жана жакындарыңыздар үчүн кам көргүлө. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм", - деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: