super.kg logo
  Саясат  

Коопсуздук кеңеш 22-марттан тарта республика боюнча өзгөчө кырдаал жарыялоону сунуштады

 

Бүгүн, 21-мартта президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэринин катышуусунда чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда Коопсуздук кеӊеши премьер-министрге өлкө аймагына 2020-жылдын 22-мартынан тарта 1 айга өзгөчө кырдаал режимин жарыялоо сунушун киргизди.

Биринчи вице-премьер-министр, Коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Коопсуздук кеңешинде мурда кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышы жана көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө баяндама жасашты.

Республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө максатында өлкөнүн бардык аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө сунуш киргизди.

Өкмөткө Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен биргеликте өзгөчө кырдаалды жарыялоодо ыкчам иш-аракеттердин тиешелүү планын иштеп чыгуу тапшырылды.

Ошондой эле өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү эске алуу менен, 2020-жылдын 12-апрелине белгиленген бир катар жергиликтүү кеңештердеги шайлоо күнүн жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: