super.kg logo

Ош ОИИБи: "Коронавирус менен ооруган жарандын кызы Ноокаттан Чүйгө качып кетти деген маалымат туура эмес"

 

Коронавирус менен ооруган жарандын кызы Ноокаттан Чүйгө качып кетти деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"21-март күнү айрым маалымат каражаттарында жарыяланган "Умрага барып коронавирус жугузуп алган жарандын кызы Ноокаттан Чүйгө түнү менен качып кеткен" деген аталышта маалымат таркаган. Ноокаттан качып кетти деген жаран 1979-жылы Ноокат районунун Жаӊы-Ноокат айылында туулган М.М. өмүрлүк жолдошу ошол эле айылда 1975-жылы туулган М.Т. менен 16,15 жана 6 жаштагы балдары менен Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында 13 жылдан бери жашап жаткан.

13-март күнү аялдын апасы кичи ажылыкка барып келгендиктен, зыярат кылуу максатында Ноокат районунун Жаӊы-Ноокат айылына апасынын жанына келген. Апасы учурда Жаӊы-Ноокат айылында обсервацияда жатат. Ал эми кызы апасы коронавирус жуктуруп алган адамдардын катарында болгондуктан, тесттен өткөрүү максатында анализ тапшырган. Ал учурда 3 баласы, күйөөсү менен Чүй облусунун Ысык-Ата райондук ооруканаларынын биринде обсервацияда жаткандыгын билдиребиз. Качып кетти деген маалымат туура эмес", -
деп жазылат маалыматта.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков коронавирус тууралуу маалымат жыйын өткөрүп, коронавирус аныкталган жарандын кызы Ноокат районунан Чүй облусуна такси менен качып келгендигин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
21.03.2020. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кандай айырмасы бар. Жол жүрүп Ноокаттан Чуйго келди да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: