super.kg logo

Биринчи вице-премьер: "Өлкө боюнча өзгөчө абал эмес, өзгөчө кырдаал режими киргизилүүдө"

 

Өлкө боюнча өзгөчө абал эмес, өзгөчө кырдаал режими киргизилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.

"Тактап айтчу нерсе, бул өзгөчө абал эмес, өзгөчө кырдаал. Бул жерде атайын эпидемиялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Элдердин жүрүм-турумуна чектөөлөр болот. Өзгөчө абалга караганда жеңил болот. Экономикалык иш-чаралар башка маселелердин баары күнүмдүк турмушта жүргүзүлө берет. Ал эми зарылдыгы жок башка жакка чыгууга, эл көп чогулган жерлерге барууга тыюу салынат", - дейт Боронов.

Кыргыз мамлекетинде коронавирус жуктурган дагы 6 жаӊы учур катталды. Ооругандардын жалпы саны 12 адам.

18-мартта Сузакта коронавирус үч кишиден аныкталган. Кечээ, 20-мартта Ноокатта коронавирустун жаңы 3 учуру катталганы жарыяланган.






Кыргыз өлкөсүнө өзгөчө абал эмес, кырдаал киргизилди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.03.2020. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абал эмес кырдаал эмес ситуация киргизсен да олду бул жагы 12-мартта келгендер созсуз 13 март жума намазга чыккан да.Ал жердегилерди ким табат.Арабиядан жугуп келген болсо жумадагыларга да жукту да.Муфтият жооп берсин жума намазга тыюу салса моюн толгоп боло берет деген.Эми жооп берсин адамдардын тагдырына.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: