super.kg logo

Дүйнөдө коронавируска каршы 20га жакын вакцина даярдалып жатат

 

Кытайдан чыккан коронавирус дүйнөнүн туш тарабына кулачын жайууда. Дүйнө элин дүрбөткөн бул кырдаалда бир канча мамлекет коронавируска каршы күрөшүүгө вакцина иштеп чыгуу менен алектенүүдө. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперти Мария ван Керхоув билдирди.

Акыркы маалыматтарга ылайык, коронавирустан дүйнө жүзү боюнча 244 миңден ашуун адам жабыркап жатат. Алардын ичинен 11 миңден ашуун адам каза болду. Бул сан күн санап өсүү коркунучунда турат. Мындан улам бир канча өлкөнүн илим изилдөө борборлору вируска каршы вакцина чыгарууга бардык күч аракетин жумшап жаткан кези. Бүгүнкү күндө COVID-19 инфекциясына каршы 20га жакын вакцина иштелип жатат. Ал вакциналар клиникалык текшерүүгө алынмакчы. Ошону менен катар эле вакцина иштеп чыгууда бардык коопсуздук чаралары эске алынуусу зарыл экендиги айтылат. "Вакцинаны дүйнө эли колдонот, андыктан аны иштеп чыгууда бардык коопсуздук эрежелери менен анын эффективдүүлүгүн сөзсүз эске алуу зарыл", - деп билдирген ал өз билдирүүсүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(5)
21.03.2020. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ооо кудурети күчтүү Аллах өзүң сакта. Өзүң жардам бер, бул жаман оорудан кутуулууга жардам бер.
21.03.2020. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ватсапта ар турдуу голосовой келе берип тажатты. Кудай сактасын эми
22.03.2020. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sirenaaaaa,оа Ватсап толо вирус болуп кетти.батырак бир айласы табылса экен.
22.03.2020. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атайын адам затты кырып жок кылуучу вакцина даярдалып жатат деген аудио жазуу интернетте тарап жатат, короновируска каршы делген вакцинаны адамга милдеттүү түрдө сайылат экен жана бир эки жылда ал дарына сайган адам өлөт экен деген ар түрдүү кеп тарап атат.
22.03.2020. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Оо, жараткан каапырлардын илимине ийгилик бер! Коронавирустан сактасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: