Штаб: "Караколдогу мал базарга келүүчү жолдорду жабуу тууралуу чечим кабыл алынды"
Каракол шаарынын аймагында адамдардын топтолушуна бөгөт коюу максатында мэриянын штабы мал базарга келүүчү жолдорду жабуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта республикалык штабдан билдиришти.
"Азыркы учурда Каракол шаарынын жана муниципалитеттин ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери рейддерди жүргүзүп жатышат. Үч уюм "Кызыл жарым ай" коому, "Химия" аялдарды коргоо борбору жана Ленин атындагы №1 мектеп алдындагы эмгек кабинети медициналык бет каптарды чыгарууга киришти. Өндүрүштүн кубаттуулугу аптасына 4 миң даана бет кап чыгарууга жетет", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.