Жалал-Абад облусунда 59 жерге блокпост коюлду





Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө кечээ, 21-мартта кечинде жыйын болуп өттү. Анда жер-жерлерге коюлган блокпосттордун иштөө тартиби, тургундардын сыртка кирип чыгуусуна бөгөт коюу жана элге түшүндүрүү жумуштарын жүргүзүүнү күчөтүү керек экендиги айтылды. Бир эле Жалал-Абад шаары жана Сузак району эмес, облустун бардык район-шаарларындагы абал талкууланып, аткарылып жаткан иш-чаралар тууралуу маалыматтар берилди.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошевдин маалыматына караганда, дубан боюнча 59 жерге блокпосттор коюлуп, күч түзүмдөрү 3 этап менен иштеп жатышат, жалпысынан 181 кызматкер тартылган.
Азык-түлүк менен камсыздоо тууралуу да сөз жүрдү. Ун тартыштыгы жок, жакынкы күндө Сузак районуна дагы кошумча ун келет.
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов элге кайрылып, социалдык түйүндөрдө, WhatsApp мессенжеринде таркап жаткан ар кандай чагымчыл маалыматтарга ишенбөөгө, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
Өлкө аймагында кырдаалга байланыштуу блокпосттор коюлууда
Жалал-Абад облусунун аймагында атайын блокпосттор коюлуда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.