Иса Өмүркулов, мэр: "Бишкектин келечеги – жүргүнчүлөрдү ташуучу ири автоунааларда"

Бишкектин келечеги – жүргүнчүлөрдү ташуучу ири автоунааларда. Муну мэр Иса Өмүркулов Сүйөркулов (Донецк) көчөсүндөгү жолдун курулуш иштери менен таанышуу учурунда айтты. “Бишкекке 80 троллейбусту алып келүү келишимин ишке ашырдык. Троллейбустарды алып келүү боюнча учурда дагы сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Шаардыктар эл ташыган кичи автобустарга көп нааразы. Биз муну түшүнүп, коомдук автоунаалардын санын көбөйтүүдөбүз. Келечекте дагы 100 автобус жана троллейбус алынып келинет”,- деди шаар башчысы. Ошондой эле мэр бул автоунаалар насыя жана гранттардын эсебинен алынып келерин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
-1

