Президент: "Жардам бересиңерби, ырдайсыңарбы, ыйлайсыңарбы аны коомчулукка жарыялабай эле иш жасагыла"
"Жардам бересиңерби, ырдайсыңарбы, ыйлайсыңарбы аны коомчулукка жарыялабай эле иш жасагыла" деп кечээ, 21-мартта Коопсуздук кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Ал азыр бардык маселе боюнча эксперттер көбөйгөнүн айтты. "Жардам берсеңер да жеңил пиардан оолак болгула. Жардам бересиңерби, ырдайсыңарбы, ыйлайсыңарбы аны коомчулукка жарыялабай эле иш жасагыла. Жасаган иштер үчүн соопчулугуңарды жергиликтүү эл билсе батасы тиет. Эң негизгиси Кудай билсе болду да. Азыр элибиз ар кандай маалыматтардан чарчап турган мезгили, ошондуктан, дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп тургандай биринчи тартип болсо, бул илдеттен, жагдайдан чогуу бирге чыгып кетебиз", - дейт президент.
Президент: "Ырдайсыңарбы, ыйлайсыңарбы, элге жарыя кылбагыла"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
20

