Бишкек шаарынын мэри борбордогу бак-дарактарды зыянкечтерден дарылоо үчүн бөлүнгөн каражат аз экендигин айтты
Бишкек шаарында бак-дарактарды зыянкечтерден дарылоо иштери күчөтүлүп жатканын, аларды дарылоого 15 миллион сом бөлүнгөнүн мэр Иса Өмүркулов билдирди. Айтымында, бул каражаттар чоң шаар үчүн аздык кылат. “Шаардагы бак-дарактар тегиз дарыланды, техника жете албаган айрым тилкелерде гана дарыланбаган бактар калышы мүмкүн. Адистердин айтымында, дарылоо өз натыйжасын берүүдө”,- деди ал. Ошону менен бирге шаар башчысы зыянкечтерди толугу менен жоюу үчүн комплекстүү иш-чараларды аткаруу зарыл экендигин айтты. “Шаардагы бак-дарактарды дарылоо менен гана чектелбестен, Чүй облусунда да дарылоо иштерин жүргүзүү зарыл”,- деди Өмүркулов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















