super.kg logo

Үйдө интернетте иштөөнү уюштуруп беребиз. Wi-Fiвингл же роутерди акысыз жеткирип беребиз

 

Үйдө интернетте иштөөнү уюштуруп беребиз. Wi-Fiвингл же роутерди акысыз жеткирип беребиз!

Үйдө калууга мажбур болуп жаткан учурда биз төрт дубалдын ичинде сизге жайлуулук тартуулап, убакытты кызыктуу өткөрүүңүзгө аракет жасоодобуз.

Негизги бизнес-процесстердин ишин үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн көпчүлүгүңүздөр, анын ичинде О! Мобилдик операторунун кызматкерлеринин көпчүлүгү да азыр үйдө иштеп жатышат. Мына ошондуктан О! түйүнүнүн бардык сервистери жана кызматтары сапаттуу жана толук көлөмдө көрсөтүлүп жатат.

Жогорку ылдамдыктагы интернеттин таратуучулары

Интернетте иштөө же онлайн мультимедиа көрүүдө роутер же вингл алмаштырылгыс болуп саналат. Аларды бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө ташуу оңой, ал эми интернетке 10го чейин үй-бүлө мүчөлөрү кошулса болот. Автономдуу аккумулятор роутердин артыкчылыгы болуп саналса, винглди USB-порт аркылуу бардык түзүлүштөргө кошсо болот. Сиз биз менен бул түзүлүштөрдү сатып алууда үнөмдөйсүз, интернетке гана төлөйсүз. 0705 000 007 телефону аркылуу чалыңыз же ostore.kg сайтына жазыңыз, биз Бишкек боюнча эшигиңиздин алдына чейин баарын жеткирип беребиз!

Акысыз байланыш + Үй интернети керекпи?

«Бирге арзан!» (роутер + 3 SIM-карта) комплектисин кошуп алыңыз да үй-бүлөлүк бюджетиңизди тыйынына чейин пландап алыңыз. Акысыз байланышка кошумча катары сиздин үйүңүздө ар бир үй-бүлө мүчөсү үчүн роутердеги жогорку ылдамдыктагы үй интернети дагы болот. Комплекттин эң башкы ыңгайлуулугу байланыш кызматтары жана интернет үчүн бир гана номер, мисалы, үйдүн ээси гана төлөйт, ал эми калгандары өз балансы тууралуу сарсанаа болушпайт. Кошуп алуу үчүн:

0500 000 955 номерине чалыңыз. Толук маалымат бул жерде ➡ vmeste.o.kg.

Бул татаал мезгилде баарына мессенжерлерге, социалдык тармактарга, жаңылыктарга кирүү, фильмдерди көрүү жана музыка угуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, ошондой эле ар дайым байланышта болууларына шарт түзүү максатында, биздин техникалык адистердин командасы бүт кыргызстандыктарды ылдам жана сапаттуу интернет менен камсыздоонун үстүндө иштеп жатат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: