super.kg logo

Ички иштер министринин орун басары: "Ноокаттан Чүйгө качып кетти деген кыздын окуясы иликтенүүдө"

 

Бүгүн, 22-мартта Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев өлкөдө өзгөчө кырдаал киргенине байланыштуу кандай иш аракеттер көрүлүп жатканы тууралуу онлайн маалымат жыйынын берүүдө.

Жыйында Ноокат районунан Чүй облусуна качып кетти деген кыз тууралуу маалымат айтылды.

"Менин билишимче, ал кыз качып кеткен эмес. Ал карантин жарыяланганга чейин чыгып кетиптир. Андыктан учурда бул окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат. Хронология такталгандан кийин ал жарандын жоопкерчиликке тартуу маселеси каралат", - дейт Орозалиев.

Буга чейин коронавирус оорусу аныкталган жарандын кызы Ноокат районунан Чүй облусуна такси менен качып келгендиги тууралуу маалымат тараган.

Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 14 адам.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, COVID-19 вирусун жуктургандардын бардык учурлары сырттан келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: