super.kg logo

Жалал-Абад облусунда жалган билдирүү тараткан адамга кылмыш иши козголду

 

Жалал-Абад облусунда жалган билдирүү тараткан адамга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-март күнү WhatsApp аркылуу белгисиз автор Жалал-Абад облусунун аймагында коронавирус илдети боюнча абал курч экендигин жарыялаган. Ал өзүнүн үн жазуусунда ооруканалардагы дарыгерлер медициналык бет кап жана тиешелүү каражаттар жетишпегендиктен, жумуш ордуларын таштап кетип жатышкандыгын жана Сузак районундагы карантинге алынган аймактан бейтаптар качып чыгып кетишкендигин жана оорулуулардын саны көбөйүп кетээрин билдирген.

Ошондой эле бул үн жазууну WhatsApp аркылуу группаларга жайылтууну жана Саламаттыкты сактоо министрлигине жеткирүүнү белгилеген. Ал мунун себеби катары Жалал-Абад облусундагы коронавирус боюнча маалыматтар так берилбей, жаап-жашырылып жаткандыгы менен түшүндүргөн.

Аталган факты Жалал-Абад ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 344-берене "кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Бул фактынын бетин ачуу максатында кечиктирилгис чаралар көрүлүп, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү иштердин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын 1980-жылы туулган Ш.К. аттуу жараны кармалган. Тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн чогулган материалдар Жалал-Абад ШИИБине өткөрүлүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
22.03.2020. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушундай элди дүрбөлөңгө салгандарды катуу жазалаш керек, олчойгон штраф салып, ойлонуп сүйлөй турган болуп калат.
22.03.2020. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Элди дүрбөтпөй көтөнұн кысып эле олтурбайбы. Камап салгыла 5 жылга.
22.03.2020. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жазага тарткыла,дагы Бир аял журот вакцина албагыла деп аны да кармаш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: