Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүү учурунда эки жактуу кызматташтыктын учурдагы маселелери, республикалардагы коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаал жана анын жайылышына жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасына байланыштуу маселелер талкууланды.
Тараптар эки өлкөнүн элинин кызыкчылыгы үчүн актуалдуу маселелер боюнча маалыматтарды ыкчам алмашууну жүзөгө ашырууга макулдашты.
Коңшу өлкөдөн импорттолгон азык-түлүк жана башка товарларды жеткирүү адаттагы режимде үзгүлтүксүз ишке ашырылып турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.