Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Бишкекте коронавирус жуктурган 2 жаран менен байланышта болгон адамдар аныкталууда"
Бүгүн, 22-мартта Өкмөт үйүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйын берип жатат.
Жыйында Бишкекте коронавирус жуктурган 2 жаран менен байланышта болгон адамдар такталып жатканы айтылды.
"Бул эки учур боюнча биринчи жана экинчи деңгээлде байланышта болгондордун бардыгын аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат. Жыйынтык даяр болгондо маалымат берилет", - деди Акматова
Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 14 адам. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, COVID-19 вирусун жуктургандардын бардык учурлары сырттан келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.