Эртеңден баштап Ошто кызматкерлер үчүн троллейбустар менен автобустук каттамдар ишке кирет
Ош шаарында кырдаалга жараша керектүү кызматкерлер үчүн каттамдар ишке кирет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Өзгөчө кырдаалга байланыштуу Ош шаарында №1, №2 троллейбустук жана №12, №13 автобустук каттамдар күнүнө эртең менен жана кечинде каттай баштайт.
Мындай чечим кырдаалга жараша керектүү кызматтардын кызматкерлерин ташуу үчүн кабыл алынды.
Көрсөтүлгөн убактагы каттамдар 23-марттан баштап ишке кирет.
Эртең мененки каттамдар: 1-рейс - саат 07:00, 2-рейс - саат 07:30, 3-рейс - саат 08:00дө.
Кечки каттамдар: 1-рейс - 18:00, 2-рейс - 18:30, 3-рейс - 19:00дө.
Аталган троллейбус жана автобустар көрсөтүлгөн убакыттарда акыркы токтоочу жайдан токтойт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.