super.kg logo

Өкмөт башчы: "Биз чет жактагы жарандарыбызды мекенине кайтарууга аракет кылабыз"

 

Бүгүн, 22-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык ыкчам штабдын биринчи жыйынында өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселесине өзгөчө токтолду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Баары эртеңки күн кандай болот деп тынчсызданып жатышат. Бирок мен, премьер-министр катары баса көрсөткүм келет, көп нерсе биздин биргелешкен иш аракеттерден жана жөнгө салынган ишибизден көз каранды. Тамак-аш продуктулары, күнүмдүк керектелүүчү товарлар жана дары-дармектер өлкөдө жетиштүү. Биз алдын алуу мезгилинде жетиштүү көлөмдө запастарды камдап алдык. Ал эми жүк ташуу жана импорттоо мурдагы режимде ишке ашырылып жатат. Товар ташуу боюнча эч кандай маселе жок. Бардык өндүрүштүк ишканалар жана муниципалдык органдар ишин улантып жатышат. Ири соода жана мал базарлар гана жабылды, себеби бул жерлерге эл көп барат. Ар бир райондун же облустун кире беришинде санитардык-эпидемиялык посттор орнотулуп жатат. Жарандарды өтө зарыл болбосо, сапарларга чыгуудан карманып турууга чакырам", - деди Абылгазиев.

Ал киргизилген режим жарандардын кыймылы үчүн катуу чектөөлөрдү камтыбай турганын белгиледи. "Бирок Бишкек жана Ош шаарларында маршруттук таксилер убактылуу токтотулду. Ошол эле учурда автобустар жана тролейбустар штаттык режимде иштеп жатышат. Эл аралык аба каттамдар тууралуу айтсак, чектөөлөр киргизилгенине карабастан, биз чет жактагы жарандарыбызды мекенине кайтарууга аракет кылабыз", - деди Абылгазиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
22.03.2020. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Вирустарды ташыйт экенсинерда Кыргызстанга,кайра киргизбеш керек эле чет жактагы мекендештерди.200-300 мекендештерди алып келебиз деп бул жактагы 5 миллион калкы ойлобой жатасынар!Вирус жайылчу болсо токтото албайсынар силер,чет жактан келгендерден жугуп жатат вирус,таптаза болчу Кыргызстан!Тепловизорлорунарга ишенич жок,вирусту аныктай албайсынар,эмдей албайсынар,анан эмнеге ташыйсынар чет жактан?(((
22.03.2020. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kuyoo_bala,алар да өз үйүнө баргысы келет да сен үйдөн чыкпай жат жукпайт
22.03.2020. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuyoo_bala,Ошо чет жактагылардын ордуна озунду коюп корчу. Алар деле биздин аттулдар . Алар жардамга муктаж...
23.03.2020. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи элдер биз Кыргызстан тигиндей мындай жашоо жок биякта деп жамандап качабыз башка өлкөлөргө , анан эле ушундай оор күндөрдө мекенибизге качып жөнөйбүз кайра. Кыргызстаным аман болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: