super.kg logo
  Спорт  

"Реал Мадрид" клубунун мурунку президенти коронавирустан каза болду

 

Испаниянын "Реал Мадрид" клубунун мурунку президенти Лоренсо Санс 76 жашында коронавирустан каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Лоренсо Санс дене табы көтөрүлүп, өзүн жаман сезгендиктен, 17-мартта ооруканага жеткирилген. Текшерүү учурунда ал коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталган. Анын баласы Фернандо Санс атасынын коронавирустан каза болгондугун айткан.

"Менин атам жаңы эле каза болду. Ал мындай өлүмгө татыктуу эмес болчу. Менин атам эң мыкты адамдардын бири эле. Ал эр жүрөк жана эмгекчил адам болчу. Үй-бүлөсү жана "Реал Мадрид" клубу анын жүрөгүндө жашачу", - деп жазып калтырган Фернандо Санс.

Лоренсо Санс "Реал Мадрид" клубунда 1995-жылдан 2000-жылга чейин президент болгон. Анын жетекчилиги астында клуб 2 жолу Чемпиондор Лигасын жеңип алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: