super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү: "Аймактардагы сатуучуларды санитардык-эпидемиологиялык борборлордун кызматкерлери көзөмөлдөөдө"

 

Бүгүн, 23-мартта Өкмөт үйүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйын берүүдө.

Жыйында дүкөндөрдөгү сатуучулардын санитардык эрежелерди сактоо боюнча көзөмөлгө алынышы боюнча айтылды.

"Сатуучулардын иштөө графигин, антисептикалык каражаттар менен камсыз кылуусун көзөмөлдөп турууга санитардык эрежелер берилген. Бул үчүн ар бир аймакта санитардык-эпидемиологиялык борборлордун кызматкерлери иштеп жатат. Ошого карабастан акча менен иштөөдө ошол эрежелер сакталып жатабы? Муну ар бир жаран байкашы керек. Ал эми санитардык-эпидемиологиялык борбордун кызматкерлери колдон келишинче жардамдарын берүүдө", - дейт Акматова.

Кыргыз өлкөсү боюнча 23-мартка карата коронавирус жуктурган жаңы учур жок экени айтылды. Өлкө боюнча ооругандардын саны 14 адам.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев вирус жуктургандардын баары сырттан келгендигин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: