super.kg logo

ЖЭБ иши боюнча биринчи өкүмдү шаардык сот күчүндө калтырды. Бир гана Айбек Калиевдин мөөнөтү бир жылга кыскарды

 

Бүгүн, 23-мартта Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча айыпталып жаткандарга чечим чыкты.

Ага ылайык, "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев 14 жылга эркинен ажыратылды, ал эми мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков жана "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазовго карата чечим Свердлов райондук сотунун өкүмү боюнча күчүндө калтырылды.

Жалпысынан шаардык соту ЖЭБ иши боюнча өтүп жаткан бардык айыпталуучулардын жаза мөөнөтүн биринчи инстанциянын чечими менен калтырып, бир гана Айбек Калиевдин жаза мөөнөтүн бир жылга кыскартты.

Ошондой эле Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов финансы министрлигине 5 миллиард 439 миллион сом чыгым төлөө милдеттендирилди.

Ал эми мурдагы депутат Осмонбек Артыкбаев карата үй-мүлкүнө коюлган арест боюнча өзгөртүү киргизилип, ага ылайык Артыкбаевге тиешелүү үчүнчү адамдар категориясынын үй-мүлкүн арестке алуу жоюлду.

Жактоочу Замир Жоошев шаардык соттун чечими боюнча бардык айыпталуучуларга карата өзгөрүү болбогонун жана бул боюнча Жогорку Сотко кайрылуу маселеси чечиле элек экенин SUPER.KG порталына билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(7)
23.03.2020. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балдарына кыйын болду атасына эркелеер маалы отуп кеткенде чыгат абактан.
23.03.2020. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аялына кыздарына сабыр тилейм, атасын сагынышатко.
23.03.2020. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Сапар 111 млн доллар акча кана? Кайда каткансын?
23.03.2020. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Alimbek1000,эсептеп колуна карматтын беле
23.03.2020. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Alimbek1000,негизи кыргыз табалаганга машпыз. Турмого кандай жол менен тушсо дагы таьалабаш керек. Эртен сен эмне болосун бир кудай билет. Оруста жакшы соз бар от сумы и тюрьмы не зарекайся деген
23.03.2020. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
111 миллионду полный толотуш керек эле
Азыр 1$ 70сом менен эсептегенде почти 5.439 милл сом 78 миллион $$$$ болот экен
23.03.2020. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сапар бөйрөкө колду таянып турат го. Негизи туру кылды. 111 миллион долларды жөнөкөй адам өмүр бойу иштесе да таппайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: