super.kg logo

Түркиядан келе албай жаткан "Шайыр апалар": "Бүгүн чыгып кетпесеңер Түркия жабылат деп жатышат"

 

"Шайыр апалар" долбоорундагы 63 чакты энелер 20-марттан бери Түркиядан Кыргыз өлкөсүнө келе албай жатышат. Алардын учурдагы абалы кандай? Шайыр апалардын бири Кеңешкан айым SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"Биз 13-мартта "Ак элечек айымдар аалам кыдырат" долбоору менен Түркиянын Анталия шаарына келгенбиз. Жалпы 63 аялбыз, 55 жаштан баштап 84 жашка чейинкилер чогулганбыз. 19-март күнү жетекчибиз Айымкан Жаманкулова жана уюштуруучулар өлкөгө учуп кетишкен. Биз 20-март күнү түнкү каттам менен мекенибизге учмакпыз. Бирок түрк тарап Кыргыз өлкөсү эскертпей туруп авиакаттамдарды жаап салды деп, учурбай коюшту. Ошол боюнча мейманканада жашап жатабыз. Бул жакта шарт жакшы, 3 маал тамак менен камсыз кылып жатышат. Бирок биз жашаган мейманканада кыргыздар гана калдык. Казактарды 22-мартта, кечээ орустарды өлкөсү чыгарып кетти. Бүгүн Кыргыз өлкөсү силерди чыгарып кетет экен деп жатышкан. Бүгүн Түркия да аба каттамдарын жабат экен. Эми эмне болорун билбейбиз", - дейт Кеңешкан айым.

Эске салсак, буга чейин Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев 21-март күнү жыйын өткөрүп, анда "Түркиядан келе албай жаткан жарандардын маселеси бүгүн же эртең чечилет" деген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(18)
24.03.2020. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Чон эле аялдар экен. Мынандай кырдаалда отуруп эле турушпаптыр да уйлорундо. Туркияда оору 13-мартка чейин эле пайда болду эле го.
24.03.2020. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай апалар ай,аман-эсен келип алгыла эми..Мына мындай иш чара менен кеткендерге жана иштеп акча таап,уй булоомду багам деп кеткендерге окмот жардам бериши керек деп ойлойм..Акчасын чачып,саякатка же динди жаман коргозуп умрага кеткендер да аман болушсун,аларга коз карашым терс бойдон калат.
24.03.2020. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
aydinnur,Умрадан келгендерге тийешем жокго бирок шайыр апаларына деле тиякта суутуп коюптурбу ушундай убакта, жон эле олтурушсун каарыганда. Тим эле Кыргызстанды дуйного таанытып жибергенсип
Gabiku түзөттү 2020-03-24 12:03:26
24.03.2020. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кысып отурушпаптырда тем более 50 жаштан жогоркулар.Бекер уюштуруптур ким баштаса да,жоопкерчилиги жок экен.
24.03.2020. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Чындыкты айтсан жаман корушот. Умрага ,дааватка чыкпай тургула десен динчилдер бок ооздонушуп тилдешет
24.03.2020. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
katerina.li,Кетрин.Ли бул жерде апалар кыргыздын онорун тартуулаганы кетиптир го?
24.03.2020. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
aydinnur,онорду кое туруш керек . Вирус январда эле башталган. 84 жаштагы аралар тордо эле олтурса чай ичип келин кесектин колунан
24.03.2020. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
katerina.li,далбаев
24.03.2020. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
pochtalyonin,сен дагы
24.03.2020. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Дуйнодо вирус жайылып кунуно миндеген адамдар олуп атса бок барбы Анталия да???
24.03.2020. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Биздин Кыргыздарга бесплатный болсо любой жерге любой момент кетет!!!
24.03.2020. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Шайырлыгынар курсун балдарга улгу болуп уйдо отуруштун ордуна кочодо журушот темселеп...
24.03.2020. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чон эле аялдар абал курчуп жатканда эле жоношуптур.Жоооон эле неберелерин жыттап отуруп турушпаптыр.
24.03.2020. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шарты жакшы екен 3 маал тамак берет екен ойлонбой жашап тургула ошол шарты жакшы жерде.Карантин буткондо келесинер
24.03.2020. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бок барбы эми силерге Туркияда. Уйдо эле олтурсанар болмок небере жыттап. Али Туркияга барганынар котунордон чыкпаса эле.
24.03.2020. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алып келгиле качан кыргыз апасын таштачуу эле талаага
24.03.2020. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шайыр апаларды тезинен Олкого кайтарыш керек ато ал жакта тура берсе буларгада вирус жугуп кетиши мумкун
24.03.2020. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким уюштурган ошол адамга чара корулсун камалсын жана билип туруп барган жарандарга чара колдонсун. Камалсын баары. Туштук кореяда баш ийбегендерге 8мин доллардан штраф жана 10 жыл кесилет экен. Бизге да 10 мин доллардан штраф бергиле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: