Ун, май, күрүч, макарон... Өкмөт айрым азык-түлүктөрдү сыртка чыгарууга тыюу салат
Кыргыз өкмөтү кээ бир азык-түлүктөрдү сыртка чыгарууга убактылуу чектөө киргизет. Бул тууралуу буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
"Чектөөгө кирген азык-түлүктөргө буудай, ун , суу май, кумшекер, жумуртка, күрүч, макарон жана зыянсыздандыруучу, бактерияга каршы каражаттар кирет.
Бул кадамдар ички рынокту стабилдештирүү үчүн жасалып жатат", - деп айтылат маалыматта.
Тиркелген тизмеге ылайык, алты ай товарлардын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салуу белгиленет.
Кыргыз Республикасынан үчүнчү өлкөлөргө сатууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынган айрым товарлардын тизмеси:
|
№ |
Товарлардын аталышы |
|
1 |
Буудай жана меслин |
|
2 |
Буудай уну |
|
3 |
Өсүмдүк майы |
|
4 |
Күрүч |
|
5 |
Макарондун түрлөрү |
|
6 |
Шекер |
|
7 |
Тоок жумурткасы |
|
8 |
Тамак-аш үчүн йоддолгон туз |
|
9 |
Тоют (чөп, саман, комбикорм, улпак жана дан тоюту) |
|
10 |
Салфеткалар жана башка бактерияга каршы каражаттар |
|
11 |
Дезинфекциялоочу каражаттар |
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Мамлекеттик чек ара кызматы, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы мыйзамсыз экспортту жоюуга багытталган зарыл чараларды көрүүдө.
Токтом кол коюлган күнүнөн тартып күчүнө кирет.
6

Супер-Инфо
super.kg видео















