Жарандык авиация агенттиги: "Москвадан Ош, Бишкекке учуп келе албай калган жарандар кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылуусун суранабыз"

Москва шаарынан Ош, Бишкек шаарына "Урал авиакаттамдары" менен келет делген жарандар Кыргыз өлкөсүнө келе албай калышты. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Урал авиакаттамдары" авиакомпаниясы менен учууга билдирме калтырылган. Домодедово-Бишкек багыты боюнча (21-март) 194 жүргүнчүсү бар жана Жуковский-Ош багыты боюнча 182 жүргүнчүсү бар (22-март) авиакаттамдар ишке ашпай калган. Бул тууралуу авиакаттамдын өкүлчүлүгүнө маалымдалган.
23-мартта Жарандык авиация агенттигине "Урал авиакаттамдарынын" учпай калгандыгы тууралуу маалымат кечинде берилген. Каттамдын болбой калганын жооптуу кызматкер "Урал авиакаттамдары" компаниясынын өкүлүнө айтууну жана "Кыргыз аэроновигация" аба кыймылын башкаруу башкы борборуна маалыматты каттоону унутуп калган.
Катачылык кетирген жооптуу кызматкерге дисциплинардык жаза берилет.
Кыргыз өлкөсүндө жарыяланган өзгөчө кырдаал учурда мындай катачылыктарга жол берилгендиктен, элди түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.





1 |