super.kg logo

Чехиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска каршы дарылоодо жардам бере турган препаратты атады

 

Чехиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө жардам бере турган препаратты атады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Анда жазылган маалыматка караганда, жекшемби күнү Чехиянын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Адам Войтех Plaquenil (Плаквенил) препаратын коронавируска каршы дарылоодо жардам берерин айткан.

"Илимий маалыматтарга караганда, Plaquenil препаратын COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө колдонууга болот. Ошондуктан дарыны баарына жеткиликтүү кылуу үчүн иш аракеттер жүргүзүлүүдө", - деген ал.

Войтехтин айтымына караганда, бардык медицина кызматкерлерине (аллергиялык, клиникалык иммунологдор, дерматологдор жана ревматологдордон башкасына) бул дарыны сунуштоого тыюу салынды. Дарыканалар атайын дарыгердин көрсөтмөсү жок препаратты сата алышпайт.

Ошондой эле жекшемби күнү өлкөнүн кризистик штабынын төрагасынын орун басары Роман Примул аталган препарат ооруган адамдын организминде вирустун жок болуу убактысын кыскарта аларын айтып, бирок препараттын атын атаган эмес деп айтылат маалыматта.

Plaquenil - вирустук-инфекциялык ооруларга каршы дары. Франциялык "Sanofi Aventis" фирмасы тарабынан чыгарылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.03.2020. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура эле дарыбы же ар бирибизнесин онуктуруп дарысын сатуубу?
23.03.2020. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aerforce,эл дурбоп жатканда ар ким ар нерсени айтып адамдар эптеп эле жанын сактап калуу учун аптекадан дарыны калтырбай, магазинден азыктарды калтырбай уйуно ташып жаткан кездери. Аскорбиновая кислота да талаш болуп жатыптыр. Аны да бироо айтып койсо керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: