"Кан басымы кескин түшүп кетти". Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум Атамбаевдин абалына байланыштуу жылдырылды
Бүгүн, 23-мартта Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясына айыпталып жаткандардын иши каралып баштаган. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы келе турганын КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева маалымдаган болчу.
Бирок бул отурум 30-март саат 10:00гө жылгандыгы белгилүү болду. Жолдубаева Алмазбек Атамбаев өзүн жаман сезип жаткандыгы менен байланыштуу экенин билдирди.
"Алмазбек Шаршенович түштөн кийин ооруп калды, анын кан басымы кескин түшүп кетти. Мурдагы президенттин абалы начарлап кеткенин УКМКнын СИЗОсунан аны коштоп келген дарыгер аныктады", - дейт Жолдубаева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

П.с. саясий нейтралитетти сактайлы достор,"чача-пача,тырым-пырым"деп жооп жазбагыла оппоненттер,бассанар минус басып кете бергиле макулбу?!)))