super.kg logo
  Спорт  

Ислам Баялинов дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунда камерундук спортчу менен беттешет

 
Дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Ислам Баялинов бүгүн, 27-августта Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк чемпиондукта беттешке чыгат. Бул тууралуу аталган мелдештин расмий сайтында жарыяланган. Баялинов 66 килограмм салмактагы категория боюнча Камерун мамлекетинен келген Усман Адам менен беттешет. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат. Финалдык мелдештер саат 1:00дө болот. Белгилей кетсек, 26-августта башталган чемпиондукка 124 мамлекеттен 800 спортчу катышмакчы. Кыргызстандын намысын 6 эркек, 3 кыз дзюдочу коргошот.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: