super.kg logo

«Керемет Банк» кыскартылган жумуш күнүнө өтөт

 

Урматтуу «Керемет Банктын» кардарлары!

2020-жылдын 22-мартынан баштап Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаал шарттамы киргизилди. Сиздер менен биздин бүгүнкү күндөгү негизги милдетибиз – мамлекетке жана кыргыз элине COVID-19 вирусунун өлкөбүздө жайылбоосуна жол бербөөгө жардамдашуу.

Түзүлгөн кырдаалды эске алып, Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын андан ары таралуусун болтурбоо максатында, «Керемет Банк» ААКунда филиалдардын жана сактык кассаларынын жумуш графигин жумуш күндөрүндө саат 9:00дөн саат 16:00гө чейин кыскартуу чечими кабыл алынды.

Тилекке каршы, COVID-19 Кыргызстандын гана эмес, бүткүл дүйнөнүн да мерчемдерин өзгөртүүдө. Чыгарылган пластик карталардын саны, кеңселердин жана банк жабдууларынын саны боюнча өлкөдөгү лидерлердин бири катары, «Керемет Банк» өз кардарларын банк өнүмдөрүнө жетүүсүз калтырбоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Филиалдык тармактын кызматчылары банктын кеңселеринде эсептик-кассалык тейлөөнү улантышат, бирок мында өз кардарларын өзгөчө зарылдыгы болбосо үйдөн чыкпоого жана «Керемет Банк» ААКнун ыңгайлуу күнү-түнү иштөөчү аралыктан банктык тейлөө каналдарын, анын ичинде мобилдик жана интернет-банкингди колдонууга чакырышат.

«Керемет Банктын» кызматкерлери банкоматтар менен терминалдардын көп сандуу тармагынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоого аракеттенүү үчүн мүмкүн болгон бардык күч-аракетти жумшашат, байланыш-борбору кардарларына 24/7 шарттамында кеңеш берүүсүн улантат.

Азыркы мезгилде «Керемет Банк» үчүн кардарлардын жана кызматчылардын саламаттыгын коргоо биринчи орунда турат. «Керемет Банк» бардык кыргызстандыктарга БДССУнун жана КРнын Штабынын COVID-19 боюнча сунуштарын карманууну сунуштайт. Бул кырдаалда ар бир жаран жеке жоопкерчиликти көрсөтүүгө – өтө зарылдыгы жок үйдөн чыкпоого, өзүнүн саламаттыгына кам көрүүгө жана коронавирустун андан ары таралуусуна жол бербөөгө тийиш.

Жумуш графигиндеги бардык өзгөрүүлөр жөнүндө Банк өз кардарларына сөзсүз кошумча кабарлайт. Суроолор пайда болгон учурда аларды күнү-түнү иштөөчү байланыш-борборуна төмөнкү телефон боюнча (0312) 55 44 44 даректөөгө же сайт аркылуу жазууга болот.

Урматтоо жана камкордук менен, «Керемет Банктын» командасы.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: